Чолпон-Ата шаарынын баш имам хатиби Абдыразак ажы Балтабаев 2 медресеге 53 843 сомдук азык-түлүк тапшырды

Чолпон-Ата шаарынын баш имам хатиби Абдыразак ажы Балтабаев хатибият жамаатынын демилгеси менен Бишкек шаарыныны Жал кичи районунда жайгашкан шарият окутуу жана Куран жаттатуу заманбап медресесине зыярат болуп, ал жакта билим алып жаткан студенттердин күнүмдүк тамак-ашына жардам көрсөттү.

“Силердин эң жакшыңар Куранды үйрөнгөн жана башкаларга үйрөткөн. Куран жаттоо Жараткандын берген чоң белеги. Силер мекенибиздин эртеңки келечегисиңер. Илим-билим менен өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошкон жаштарыбыздан болот деген ишенимибиз чоң,”- деди Абдыразак ажы.

Ал эми медресенин жалпы жамааты “Азбы-көппү, чын ниеттен кылынган амал артык” деп демөөрчүлүк кылган Абдыразак ажыга терең ыраазычылыктарын билдиришти.

Эскерте кетсек: 2 кой, 3 кап ун, 2 коробка кесме, 20 литр суу май, 1 таңгак туз, 2 блок суусундук, 2 таңгак чай, 40 мүшөк картошка жана акчалай жардам көрсөтүлүп анын жалпы суммасы 53 843 сомду түздү. Ал каражат Чолпон-Ата шаарынын баш имам хатиби Абдыразак ажынын жана  спортчулар, жеке ишкерлер тарабынан каржыланган.