Аламүдүн районунда «Диний экстремизмди жана терроризмди алдын алуу» темасында райондук семинар болуп өттү

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун акимиятынын жыйындар залында «Диний экстремизимди жана терроризимди алдын алуу» темасында райондук семинар өтүп, райондогу диний кырдаал талкууга алынды.

Аталган семинар Аламүдүн районунун акимияты жана Аламүдүн райондук хатибиятынын демилгеси менен уюштурулуп, ага райондун акими Марс Саккараев, райондун улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Кубанычбек Турганбаев, Аламүдүн районунун ИИМнин бөлүм башчысы Талантбек Асаналиев, райондун баш имам хатиби Абдурахман ажы Анаркулов жана райондогу имамдар катышты.

Семинардын башында район акими сөз сүйлөп, райондогу имамдарга ыраазычылык билдирди.

«Көп улуттуу жана ар кандай конфессиялардын өкүлдөрү жашаган районубуздагы ынтымак-биримдик сиздердин үгүт-насаат иштериңиздердин мөмөсү. Мындан ары да талыкпастан мамлекетибиздин ынтымак-биримдигине салым кошуп, 2020-жылы да биргелешип иштейли. Биз өз колубуздан келишинче мечиттердин иш кагаздарын бүтүргөнгө толугу менен көмөк көрсөтөбүз», — деди район акими Марс Саккараев.

Райондун баш имам хатиби Абдурахман ажы Анаркуловдун айтымында, семинар алкагында ар бир адис сөз сүйлөп, 2020-жылы райондогу мектептердин бардыгында, участковыйлар менен биргеликте түшүндүрүү иш-чараларын өткөзүү маселеси бекитилди. Семинар суроо-жооп жана кирип келген жаңы жылда аткарыла турган бир канча иштер боюнча макулдашуу менен аяктады.