Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Катар мамлекетинин Вакф министринин кеңешчиси Шейх Мухаммед Юсри Ибрахим Хусейин менен жолугушту

Кечээ, 22-январда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев жана Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев Катар мамлекетинин Вакф министринин кеңешчиси Шейх Мухаммед Юсри Ибрахим Хусейин менен жолугушту.

Эки тараптуу жолугушуунун алкагында Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев эки элдин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө жаатында пикир алышты.

Мындан тышкары достук алаканы чыңдоо жана эки тараптуу алаканы мындан аркы кызматташтыгын арттыруу жана учурдагы диний кырдаалды талкууга алышты. Жолугушуунун соңунда Шейх Мухаммед Юсри Ибрахим Хусейин Азирети Муфтийдин жылуу кабыл алганын билдирип, иштерине ийгиликтерди каалады.