Бишкектин Ленин районундагы имамдар өкмөт кызматкерлери менен тыгыз иш алып барууда

Кечээ, 23-январда Бишкек шаарындагы Ленин районунун акимиятынын жыйындар залында  райондогу  жалпы имамдар, ИИМдин 10-бөлүмүнүн өкүлдөрү, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлдөрү жана акимият кызматкерлеринин катышуусу менен атайын жыйын болуп өттү.
Жыйында жалпы элибиздин бейпилдиги, ынтымактуулугу жана тынчтыгы үчүн биргелешип иш алып баруу жаатында пикир алмашышты. Айрыкча мечиттердин документтерин толугу менен каттоодон өткөрүү талабы негизги маселелерден болду.
«Биз имамдар ар дайым түн күн дебей элдин кызматындабыз. Себеби биз мусулман калкы дин менен бүтүндөй жашообуз өтөт. Ошондуктан ар дайым имамдарыбыз кызмат кыла бермекчи, сообун да акыретте буюрса Аллахтан үмүт кылабыз. Негизи ар бир жасаган ишибиз Аллах Тааланын ыраазычылыгы үчүн болот»-деди Ленин районунун имамы Болот ажы Кулуев.