Умра-2020: Кыргызстандык 35 зыяратчы умра ибадатын аткаруу үчүн Сауд Араб Падышачылыгына жөнөп кетти

Бүгүн, 24-январда Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан уюштурулган Умра ибадатын аткаруу үчүн зыяратчылардын 4 тобу “Манас” Эл аралык аэропортунан Бишкек-Шарджа-Медина багыты боюнча түнкү саат саат 3.00дө Сауд Араб Падышачылыгына жөнөп кетишти.

Зыяратчыларды узатуу аземине Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Замир кары Ракиев, КМДБнын Ажы-умра жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев жана зыяратчылардын жакын туугандары катышты.

Кичи ажылык амалдарын аткаруу үчүн жөнөп кеткен зыяратчылардын курамында 35 жаран бар. Алар Жалал-Абад жана Чүй өрөөнүнүн тургундары. Умра башчылыкка Жалал-Абад облусунун казысы Абдулазиз кары Закиров, Жалал-Абад облустук казыятынын иш башкармалыгынын адиси Давран ажы Жунусалиев жана Бишкек шаарындагы “Махмуд Кашкари» атындагы мечитинин имамы Максат Осмон уулу бар.

Зыяратчылар 15 күндө Сауд Араб Падышачылыгынын ыйык Мекке жана Медина шаарларында кичи ажылык амалдарын аткарышмакчы. Ошондой эле атайын окуу сабактары дагы уюштурулуп, анда дин аалымдары ыйык жерге баргандан кийин ар бир күндү кантип туура жана пайдалуу өткөрүү керектиги боюнча баяндамаларын жасамакчы.

Эскерте кетсек, КМДБ умра ибадатын 2019-жылдын ноябрь айынын аяк ченинде жарандарды каттай баштаган. Умрага баруучу жарандар облустук жана шаардык казыяттарга кайрылышса болот.

Толук маалымат үчүн байланыш телефон номерлери: (0312) 486167, 0558/778/708-48-61-67.