Бишкектин «Махмуд Кашкари» атындагы мечитинин наиб имамы Максатбек ажы Осмон уулу өзү менен чогуу 10 зыяратчы менен бирге кичи ажылык амалдарын аткарып келишмекчи

Бүгүн, 24-январда таңкы саат 3:00дө «Манас» эл аралык аэропортунан Бишкек-Шарджа-Медина багыты боюнча Бишкек шаарынынан умра ибадатына катталган зыяратчылар Сауд Араб Падышачылыгына жөнөп кетти. Умра башчылыкка борбор калаадагы «Махмуд Кашкари» мечитинин наиб имамы Максатбек ажы Осмон уулу өзү менен чогуу 10 зыяратчы менен бирге кичи ажылык амалдарын аткарып келишмекчи.
Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармалыгы тарабынан уюштурулган умра ибадаты толугу менен шарияттын талаптарына ылайык ишке ашырылып келет. Башкача айтканда зыяратчыларды каттоо ачык-айкын жүргүзүлүп, төлөмдөр банк аркылуу ишке ашыралат. Аял кишилерди коштоп баруучу эркек бир тууганы болушу керек.
Умра башчы Максатбек ажы Осмон уулунун айтымында, зыяратка баруучу ар бир кишинин максаты, ниети бир гана Аллах Тааланын ыраазычылыгы болушу зарыл.
«Биз дүйнөдөгү эң ыйык ибадат кылуучу жайга бара жаткандыктан эң башынан баштап ниетибизди оңдоп, бир гана ибадат үчүн деп жөнөшүбүз керек. Ошондо бул зыярат мөмөлүү болот деп ишенемин. Умра ибадатын шарияттын негиздерине ылайык ишке ашырабыз»,-деди Максат ажы.