Араван районунда жардамга муктаж болгон 20 үй-бүлөнүн ар бирине 1 тоннадан көмүр таратылды

Кечээ, 23-январь күнү Ош облусунун Араван районунун хатибият кызматкерлери жардамга муктаж болгон 20 үй-бүлөнүн ар бирине 1 тонна өлчөмүндөгү көмүр таратып берди.

Аталган иш-чарадагы каражат Ош Пирим ТРКсынын директору Бердибай Пиримов жана  Араван районунун хатибияты тарабынан колдоого алынды.

«Пайгамбарыбыз (с.а.в) доорунда колунда бар адамдар садака кылууда жарышып келишкен. Бүгүнкү күндө да ошол жарышты эл ичине жайылтуу зарыл. Пайгамбарыбыздын (с.а.в) «Садакадан байлык кемибейт» деген хадиси бизди ойлондурбай койбойт», — деди Алибек Жусупов.