Катар мамлекетинин Вакф министринин кеңешчиси Шейх Мухаммед Юсри Ибрахим Хусейин дин кызматкерлери менен жолугушту

Кыргызстан Ислам университетинин жыйындар залында Катар мамлекетинин Вакф министринин кеңешчиси Шейх Мухаммед Юсри Ибрахим Хусейин дин аалымдары менен жолугушту.

Жолугушууга Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Жоробай ажы Шергазиев, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, КИУнун ректору Абдышүкүр ажы Нарматов, КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик коммиссиясынын директору Зайырбек Эргешов жана Бишкек шаарындагы медресе мүдүрлөрү, имамдар катышты.

Дин кызматкерлери менен жолугушууда Шейх Мухаммед Юсри Ибрахим Хусейин ислам дининин асыл баалуулуктары, дин кызматкерлеринин ишин жакшыртууда атайын усулдук колдонмолордун үстүнөн иштеп жатканынын, өзүнүн илим алуудагы тажырыйбасы менен бөлүштү.

Жыйында Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев дин аалымынын Кыргызстанга жасаган илимий сапары жана анын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, Катар менен Кыргызстандын алакасы, диний чөйрөдөгү кызматташтыгы бекемделе берээрин кошумчалады.

Эскерте кетсек, Катар мамлекетинин Вакф министринин кеңешчиси Шейх Мухаммед Юсри Ибрахим Хусейиндин Кыргызстанга жасаган илимий сапарынын алкагында Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев менен дагы жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу боюнча пикир алышкан.