Кара-Көл шаарында №2 орто мектебинин окуучуларына адептүүлүккө чакырган баяндама жасалды

Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарынын баш имам хатиби Кара-Көл шаарындагы №2 орто мектебинин  9-10-класстарынын окуучулары менен ИИМдин кызматкерлери менен биргеликте жолугушту. Анда диний экстремизм, радикализмдин  алдын алуу жана ханафий  мазхабын жайылтуу жана окуучуларды адеп-ахлакка чакырышты.

«Ислам дини тынчтыктын дини. Ислам эч качан жана эч убакта бирөөгө зулумдук кылбайт. Экстремизм, терроризм бул Ислам эмес. Экстремисттик уюмдарга биздин мамлекетибиз тарабынан ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган. Биз башка уюмдарга алданбай туура динди өздөштүрө билели» ,— деп баш имам хатиб.

Соңунда суроо-жооп болуп, окуучулар кызыккан суроолоруна тиешелүү жоопторун алышты. Мектеп жетекчилиги мындан ары дагы ушундай жолугушуулар болуп туруу керектиги боюнча сунуштарын айтышты. Ал эми ИИМ кызматкерлери мындан ары дагы биргеликте чогуу кызматташуу мерчемделди.