Талас шаардык борбордук «Ааль аль Байт» мечитинде 20 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Талас шаардык борбордук «Ааль аль Байт» мечитинде өзүн атын атагысы келбеген жеке ишкердимин демөөрчүлүгү менен жардамга муктаж 20 үй-бүлөгө күнүмдүк турмушка керектелүүчү тамак-аш азыктары тапшырылды.

Кайрымдуулук жардамды мечиттин имамы тарабынан түзүлгөн муктаж үй-бүлөлөрдүн тизмеси боюнча Талас облусунун казысынын орун басары Касым ажы Сыдыков өз колу менен тапшырды.

Соопчулукка кеткен каражаттын жалпы суммасы 50 миң сомду түзүп, ишкер мындан ары да ушул сыяктуу кайрымдуулук иштери мечит кызматкерлери менен биргеликте үзгүлтүксүз улантылып тураарын убада кылды.