Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Россия Федерациясындагы өкүлү Сүйүн Жусубалиев Азирети Муфтийдин “Ардак грамотасы” менен сыйланды

26-январда Москва шаарындагы 6 миң орундуу “Крокус Сити Холл” залында сүйүктүү Пайгамбарыбыз (САВ) урматына карата Мавлид кечеси өткөрүлдү. Бул саамалыкта Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев КМДБнын Орусия Федерациясындагы өкүлү Сүйүн ажы Жусубалиевди КМДБнын “Ардак грамотасы” менен сыйлады.

Мындай сыйлык динибизди элибизге жайылтууда, жаштарыбызды Алла Таалам пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в.) аркылуу көрсөткөн Исламдын бийик адеп-ахлагында тарбиялоодо, коомубуздун, элибиздин биримдиги, ынтымагы үчүн кошкон салымы жана Муфтияттагы жигердүү ак эмгеги үчүн тапышырылды.

Ушундай эле ардак грамота менен КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов дагы тапшырды. Ал эми Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев ыраазычылык баракчасы менен сыйлады.

Эскерте кетсек, Сүйүн ажы Жусубалиев Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Россия Федерациясындагы өкүлү болуп, 2019-жылдын август айынан бери эмгектенип келет.