Ош облустук казыятынын жыйындар залында түштүк аймагы боюнча медресе мүдүрлөрүнө жыйын болуп өттү

Кечээ,  27-январда Ош облусунунун мусулмандар казыятынынын жыйындар залында түштүк аймак боюнча медресе мүдүрлөрүнө, катчыларына жана бугалтериларына жыйын болуп өттү.

Иш-чарага КМДБнын диний окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов, Ош облусунун мусулмандар казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев, ДИМКанын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, «АВЕП» коомдук фондунун дироктору Нурлан Токонов, казыят кыматкерлери, медресе мүдүрлөрү катышты.

Иш-чара Куран окуу менен башталып, андан соң Акимжан ажы Эргешов диний окуу жайлардын ишмердүүлүгүн жогорулатууда, катчылардын жана бугалтерлердин орду чоң экенинин баса белгиледи.

«Диний окуу борборлордо иш-кагаздардын ишмердүүлүгүн жакшыртуу зарыл. Алар ар кандай мамлекеттик кызматкерлер менен биреликте борбордун ишмердүүлүгүн арттырат. Ошондой эле бугалтериялардын да милдеттери чоң. Бугалтериялык ишмердүүлүктү жүргүзүүдө кызматкердин эмгек кодекси, мекемеге кирген жана мекемеден чыккан эсептик баланска так боолуу зарыл», деди Акимжан ажы Эргешов.

Ал эми Ош облусунун мусулмандар казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев, облустагы диний окуу борборлорунда казыят тарабынан атайын даярдалган семинар, тренингтер уюштурулуп жатканына токтолду.

«Шаарга жакын диний окуу борборлуна бат-бат барып семинарларды уюштуруп турабыз. Алардын артыкчылыктары болсо башкаларына өрнөк катары көргөзүп, кемчилдиктери болсо оңдоого  аракет кылуудабыз«, — деди Нурбек кары  Орунбаев.

Жыйындын аягында медресе катчыларына жана бугалтерияларына чакан семинар уюштурулду.