Лейлек районунда диний уюмдарды каттоодон өткөрүү талабы коюлду

Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарында Баткен казыятынын кызматкерлери жана КРнын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Баткен облусун боюнча өкүлү Чагылган Юсупов биргеликте жыйын өткөрүп, анда каттоодо өтө элек диний уюмдарды  тез аранын ичинде каттоодон өткөрүү жөнүндө талап коюлду.

Аталган жыйынга Лейлек районунун баш имам хатиби Абдиравшан ажы Дүйшөев, Сүлүктү шаарынын баш имам хатиби молдо Артык Мадаминов, хатибят кызматкерлери жана аталган аймактын  имамдары катышты.

Жыйын соңунда биргеликте ыкчам аракеттерди жасап диний уюмдарды каттоону аягына чыгаруу чечимин кабыл алды.