Чүй районунда көп балалуу энеге жаңы салынган үйдүн ачкычы тапшырылды

Чүй районунуна караштуу Чүй айыл өкмөтүндө 5 баланы жалгыз тарбиялап келе жаткан, жалгыз бой эне Чынаркүл Абдурохмановага жаңы үй курулуп, анын ачкычы тапшырылды. Бул тууралу жагымдуу саамалыкка катышкан Чүй казыятынын иш башкармасы Кубан ажы Бекешов маалымдады.

Анын айтымында, үй жашаганга ыңгайлуу болуп, күнүмдүк жашоого керектүү шарттар менен камсыздалып, курулушу тез аранын ичинде аяктаган. Имараттын ачкычы үй ээси Чынаркүл Абдурохмановага кече тапшырылды. Сүйүнүчү койнуна батпаган жалгыз бой эне үйдү куруп бергендерге ыраазычылыгын билдирди.

Аталган үйдүн курулушуна Кувейт мамлекети тарабынан каржыланган «Смарт Дженерейшен» кайрымдулук фонду демөөрчүлүк кылган.

Бул кубанычтуу аземге Чүй районунун акиминин орун басары Бакыт Караев, Чүй айыл өкмөт башчысынын орун басары Аскат Жекшен уулу жана Чүй казыятынын иш башкармасы Кубан ажы Бекешов мырзалар катышып, демөөрчүлөргө ыраазычылыктарын билгизишти.

«Жакшылыктын сыйлыгы – бир гана жакшылык. Аллах Таалам ушул сооп ишке салым кошкондордун бардыгына эбегейсиз жакшылыктарды насип этсин. Өзүмдүн жана Чүй облусунун мусулмандар казысы Руслан ажы Жумагуловтун атынан демөөрчүлөргө, өзгөчө «Смарт Дженерейшн» фондунун директору Шейх Мухаммаб Аабидке ыраазычылык билдирем», — деди Чүй казыятынын иш башкармасы Кубан ажы Бекешов.