Кадамжайда дин кызматкеринин катышуусунда «Балдар биздин келечегибиз” деген темада ата-энелерге баяндама жасалды

Баткен облусунун Кадамжай районунун Кара-Жыгач айылындагы «Дыйкан» орто мектебинде 2020-жыл «Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо» жылына карата мектеп админстарациянын жетекчилигинде,  айыл дин кызматкерлери менен биргеликте  баладарыбызды колдоо максатында алардын ата-энелерине  жыйыны өттү.

Өкмөт өкүлдөрүнөн, айыл башчылары, мамлекеттик орган кызматкерлери катышышуусунда өткөн жыйында «Молдо Мурзакан» мечитинин имамы Айбек Кузибеков да сөзгө чыгып, үй-бүлөдө балага татыктуу тарбия берүүдө ата-эненин орду тууралуу баяндамасын жасады.