Талас облусунда үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алууда түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Талас Мамлекеттик университетинде зордук-зомбулукту алдын алуунун жолу тууралуу  диний кызматкерлер, ички иштер органынын өкүлдөрү жана студенттердин катышуусунда отурум болду.

Ага Талас облусунун казысынын орун басары Медер ажы Сагынбаев, Талас облустук ички иштер башкармалыгын башчысынын орун басары Шүкүр Кушубеков, ТалМУнун окутуучулар жана студенттери катышты.

Анда үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу, аны болтурбоо, үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоо жана мыйзам боюнча кандай чаралар көрүлөөрү тууралуу ойлорун ортого таштады.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын 12 айында үй-бүлөлүк зордук-зомбулук  боюнча Талас облусунда 186 учур катталган.  Анын ичинен физикалык 135, психологиялык 51 учур. Бул мурунку жылга салыштырмалуу азайган.