Кадамжайда жаштардын демилгеси менен «Молдо Мурзакан» мечитине жылуулук берилди

Баткен облусунун Кадамжай районунун Кара-Жыгач айылындагы «Молдо Мурзакан» мечитине айылдын жаштарынын демилге көтөрүлүп алардын колдоосу менен  мечиттин жылуулук маселеси чечилди. Бул тууралуу Молдо Мурзакан мечитинин имамы Айбек Кузибеков билдирди.

Анын айтымында, жылуулук киргизүүдө 117000 сомго жакын каражат кетип, ага суу жана буу менен жылытуучу жогорку сапаттагы суу түтүктөрү, печка, батерейкалар сатылып алынган.

Бул каражат айыл элинин жана чет мамлекетте эмгектенип жүргөн мекендештердин демөөрчүлүгү менен курулду. Жылуулук түтүкчөлөрүн кураштырууда 1986-жылкы туулган жергиликтүү жаштар   5 күн убактыларын бөлүшүп, орнотуу иштерин жүргүзүп анын натыйжасында жылуулук берилди”,-деди Айбек Кузибеков.