Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов Ош шаарында “Исламда аялдын орду” аттуу окуу семинарин өткөрдү

Бүгүн, 31-январда Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, дин аалымы Чубак ажы Жалиловдун Ош жергесине жасаган илимий сапарынын алкагында Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу “Маккаи Мукаррама” жана “Козу кызы Бурмакан” аялдардын диний окуу борборунун студенттери үчүн “Исламда аялдын орду” аттуу семинарин өткөрдү.

Окуу семинарына Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, Ош шаарынын тургундары, аталган окуу борборунун студенттери катышты.

“Эне үйдүн куту. Эгер эне адеп-ахлактуу, акылдуу жана жакшы болсо, балдардын мүнөзү да дал ошондой болот. Анткени элибизде «Куш уяда эмнени көрсө учканда ошону алат» деген сөз бекеринен айтылган эмес”- деди Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев.

Ал эми Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов аялзатынын үй-бүлөдөгү орду тууралуу буларга токтолду. “Урматтуу энелер, эжелер карындаштар! Бейиш энелердин таманынын астында, ал эми энелер үчүн бейиш күйөөсүнүң ыраазылыгында экенин унутпаңыздар. Ар дайым күйөөңүздөрдү сыйлап, урмат көрсөтсөңүздөр жашооңуздарда дагы бактылуулук орнойт”, – деди Чубак ажы Жалилов.