Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов Ош шаардык мусулмандар казыятынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Бүгүн, 31-январь күнү Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, дин аалымы Чубак ажы Жалилов Ош шаарына жасаган илимий сапарынын алкагында Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев менен жолугушту.  

Жолугушуу учурунда дин аалымы Чубак ажы Жалилов казынын кайрымдуулук иштерине көп көңүл буруп жатканын баса белгилеп, илимий сапарынын алкагында айымдар жана эркектер үчүн үй-бүлөнүн баалуулуктары, шарият маселелери жана коомчулуктун кызыктырган суроолоруна жооп бере турганын билдирди.   

Ал эми Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев Чубак ажы Жалиловго дин үчүн көрсөтүп жаткан эмгегине ыраазычылыгын билдирип, илимий сапары үчүн Ош жергесине келгенине ыраазычылыгын айтты.

“Аалымдар пайгамбарлардын мураскорлору болуп саналгандыктан, ар дайым сиздей аалым инсандардын катары көбөйө берсин”,- деди Убайдулла ажы Сарыбаев.