Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдушүкүр ажы Нарматов адамдагы асыл сапаттар тууралуу баяндамасын жасады

Бүгүн, 31-январда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү жана Кыргызстан Ислам университеттинин ректору Абдушүкүр ажы Нарматов Ош шаарына жасаган илимий сапары менен барды.

Сапардын алкагында калаадагы “Имам аль-Бухарий-Алай” мечитинде Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) адеп-ахлагынан мисалы келтирип, жергиликтүү тургундарга адамдын асыл сапаттары тууралуу баяндамасын жасады.  

Урматтуу жамаат! Ислам бул жакшы кулк мүнөз. Ар дайым жөнөкөй кичи-пейил болууга аракет кылуубуз керек. Мына ошондуктан “жөнөкөйлүк адамдын жылдызы” деп айтылган. Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) кулк мүнөзү кандай деп сураган адамдарга Айша (р.а.) энебиз Куран эле деп жооп берген. Биз амалдарыбызды аз болсо да, ар дайым уланып туруучу жакшы иштерди жасоо менен күчөтөлү,”- деди Абдушүкүр ажы Нарматов.