Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдүшүкүр ажы Нарматов айымдар үчүн “Салиха аял” деген темада лекция өттү

Бүгүн, 31-январда Ош шаарынын “Сайида Хадича” медресесинин студенттерине Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдушүкүр ажы Нарматов “Салиха аял” деген темада лекция өттү.

Лекцияга Ош шаарынын Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби Абдилазиз ажы Абдурахманов, Борбордук “Имам аль-Бухарий-Алай” мечитинин имамы Мырза кары Осмонов, “Сайида Хадича” медресесинин мугалимдер жамааты жана студенттери катышты.

Окуу семинары учурунда Абдушүкүр ажы Нарматов Ислам тарыхы, билим алуунун зарылдыгы, жакшы кулк мүнөз тууралуу баяндамасын жасады.

“Бул медреседен Куран жаттап чыккан кыздардын көп экендиги жөнүндө маалыматым бар. Мына ошондуктан мен Курандын аяттарын окуу менен баштайын. Анын ичинен Кахф сүрөөсүн кээ бир аяттарын айтуу менен силерге үлгү боло ала турган кулк-мүнөздү, таалим-тарбияны алаарыңарга ишеничтемин”,деди Абдушүкүр ажы Нарматов.