Кыргызстандык ажыларды ыйык Мекке жана Мединага «Flaynas» авиакомпаниясы ташыйт. Авиабилеттин наркы аныкталды

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жыйындар залында 2020-жылдагы ажыларды ташуучу тараптар ортосунда конкурс өттү. Конкурска Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары, 2020-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын жетекчиси Жоробай ажы Шергазыев, КРдин жарандык авиациясынын жана убактылуу республикалык штабдын өкүлдөрү катышты.
Конкурстун жыйынтыгында 2020-жылдагы убактылуу республикалык штабдын өкүлдөрү ажыларды ташууда кызмат көрсөтүү үчүн «Flaynas» авиакомпаниясын тандап алышты.
Ал эми «Flaynas» авиакомпаниясы талаптарда көрсөтүлгөн тиешелүү документтерин сунуштап, эки тараптуу талкуунун жүргүзүшүндө тараптар кыргызстандык ажыларды ташуунун наркын 1550 АКШ доллары бойдон калтырышты.
Эскерте кетсек, 2019-жылы дагы авиабилеттин наркы 1550 АКШ доллары болгон.