Баткенде китеп конкурсу боюнча маалыматтык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жана Кыргызстан Ислам университети менен биргеликте уюштурган  «Окуган муун — жаркын келечек» аттуу китеп окуу конкурсу боюнча  Баткен облусунун аймагында түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлдү.

Түшүндүрүү иш-чарасынын алкагында  Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов жана Кыргызстан Ислам университети окутуучусу Шермухаммед Ташматов биргеликте аймактагы жергиликтүү жашоочуларга аялдарга, медресе студенттерине жана жергиликтүү массалык маалымат каражаттары аркылуу коомчулукка бир катар маалыматтарды айтып китеп окууга чакырды.

Эскерте кетсек, конкурс имам Бухаринин «Мусулмандын адеби» жана Пайгамбарыбыздын (САВ) өмүр таржымалы тууралуу жазылган «Фыкх ас-Сира» аттуу китептердин негизинде өткөрүлөт.

Конкурска катышууну каалагандар 2020-жылдын 1-мартына чейин тизмеге катталуусу керек. Сынак 2020-жылдын 4-апрелинде облустардын борборлорунда жана Бишкек шаарында өткөрүлөт.

Сурап билүү үчүн байланыш номерлери: 0700 87 02 96, 779 98 85 50. Катталуу үчүн телефон номерлери: 0707 536773, 0770508418