Таласта “Ислам дининин баалулуктары жана терс агымдар” деген темада отурум болду

Талас облусунун Талас районундагы Кокой айылында жайгашкан чек ара башкармалыгынын № 2029 аскер бөлүгүндө “Ислам дининин баалулуктары жана терс агымдар” деген темада отурум болду.

Ага Талас шаарынын ички иштер кызматынын 10-бөлүмүнүн өкүлдөрү, Талас облусунун казынын орун басары Касым ажы Сыдыков, Талас районунун баш имам хатиби Канатбек Жолдошбек уулу жана аскер бөлүктүн кызматкерлери катышты.

“Терроризм коомду мыйзамсыз туура эмес жолдорго үгүттөп, элдин бузулушуна бирден-бир жол көрсөтүүчү агымдардын бири. Техниканын өнүккөн доорунда алар социалдык тармак аркылуу туура эмес маалыматтарды таратууда. Биз терең ой жүгүртүү менен маалыматты талдап, тактап гана өз динибизди сактай алабыз”,- деди Талас облусунун казынын орун басары Касым ажы Сыдыков.