Ош шаарында адам сатууга каршы күрөшүү боюнча тегерек стол өткөрүлдү

Бүгүн, 3-февралда Ош шаардык мэриясы тарабынан адам сатууга каршы күрөшүү боюнча тегерек стол өткөрүлдү. Ага Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, шаардагы бардык бөлүмдөр катышты.

Анда адам сатууда кандай иштер жүрүп жаткандыгы тууралуу кыскача баяндамаларын жасашты. Ал эми шаар казысы бул нерсе динде кандай каралаарын мындайча түшүндүрдү.

“Адамды иштетип акысын бербей коюу бул динибизге жат көрүнүш. Ислам дини адам акысына өтө кылдаттык менен мамиле кылууну үйрөтөт. Анткени адамдын акысын жеген чоң күнөө, ал адам кечирмейин ал күнөө жоюлбайт”,- деди Убайдулла ажы Сарыбаев