Өмүрзак ажы Абдысамат уулу: Талас облусунан ажылыкка катталгандардын басымдуу бөлүгү ата-энесин ажылыкка алып баргысы келген жаштар түзөт

Талас облусунан ажылыкка катталгандардын басымдуу бөлүгү ата-энесин ажылыкка алып баргысы келген жаштар түзөт. Бул боюнча облустук казыяттын ажылык боюнча бөлүмүнүн жоопту адиси Өмүрзак ажы Абдысамат уулу билдирди.

«Ажылыкка баруучулардын басымдуу бөлүгүн ата-энелерин ажылык сапарына жөнөтүүгө ниеттенген жаштарды түзөт экен. Бул жүрөк жылыта турган көрүнүш. Демек, биздин жаштар ыймандуу, ал эми өлкөбүздүн келечеги кең! Улуу Жараткан барыбызды ыйманыбыздан ажыратпасын»,-дейт Өмүрзак ажы Абдысамат уулу.

Талас облусунда ажылык сапарына баргысы келгендердин саны жылдан-жылга өсүүдө. Былтыр 74 жаран электрондук тизмеге катталса, быйыл 89 жаран катталган.


«Албетте, ыйык Меккеге барып, ажылык парзын аткаруу ар бир мусулмандын милдети. Шариятта көрсөтүлгөндөй каражат жагынан дагы мүмкүнчүлүк түзүүсү керек. Ачыгын айтканда ал адамга машакат жаратпаган болушу маанилүү. Өзгөчө белгилей кетүүчү жагдай быйыл Талас жергесинде катталгандардын арасында ата-энемди алып барып келсем, алар үчүн өз милдетимди Жараткандын алдында аткарсам, ата-энемдин багып өстөргөн мээнетин актасам деген жаштардын сөздөрүн угуп, абдан сүйүндүм. Менинда атам, апам тирүү болгондо алып барат элем. Жараткан ыйык Куранда: «Ата-энеңе жакшылык кылгын»,- деп буйрук иретинде айтылган аяттары бар. Ошондуктан жаштарыбызга ыйман, ынтымак, өз ата-энесин кор кылбай, көзү тирүүсүндө сыйлап, ыраазылыгын алууга чакырат элем»,-дейт Өмүрзак ажы Абдысамат уулу.