“Сулайман-Тоо” медресесинин студенттери акысыз тиш дарыгерлеринин кароосунан өтүшүүдө

Бүгүн, 3-февралда Ош шаарындагы “Сулайман-Тоо” медресесинин студенттери тиш дарыгерлеринин көзөмөлүнөн өтүүдө.

Студенттерди акысыз тешкерип, кеп-кеңештерди айтуу, дарылоо иши Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаевдин демилгеси менен ишке ашырылууда.

Буга чейин Ош шаарындагы  “Умму Мухаммад” медресесинин студенттери өз ыктыяры менен тиш дарыгерлери тарабынан текшерилип чыгышкан эле.

“Адамдын ар бир денеси аманат болуп саналат. Мына ошондуктан ден соолукту жаштайынан сактоо ар бир адамга парз болуп эсептелинет”- деди Убайдулла ажы Сарыбаев.