Оргочор айылынын тургундары тажыяда жана тойлордогу ашыкча ысырапкерчиликти чектеди

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айылында жергиликтүү айылдык кеңешинин жыйындар залында айыл имамы Догдурбай Алыбаев демилге көтөрүп элди ысырапкерчиликке жол берөөгө чакырды.

Айыл тургундары менен болгон жолугушууга айыл башчысы куланбек Үркүнов, аялдар кеңешинин төрөайымы Разия Токтосунова, аксакалдар соту Шарып Акматов, ардагерлер, жаштар, айыл депутаты Жаналы Акматов катышып, бүгүнкү күндөгү эл арасына сиңип калган маркумду акыркы сапарга узатуудагы, аш-тойлордогу ченемсиз ысырап маселеси талкууланды.

“Ысырапкорчулук-укуктун чегинен чыгып, бузукулука өтүү. Жараткан тарабынан бул нерсеге тыюу салынган. Ысырапкерчилик- жеп-ичүүгө, мал-байлыкты иштетүүдө, убакытта ж.б. болот. Кыскасы ысырап, адал жолдон арам жолго өтүү”,- деди айыл имамы Догдурбай Алыбаев.

Жалпы катышуучулар жыйын соңунда ысырапка каршы күрөшүү боюнча биримдикте иш жүргүзүү, түшүндүрүү иштерин өткөрүү туурасында чечим кабыл алынып, мунун негизинде атайын комиссия түзүлүп, тажыя күнү ысрыпты алдын-алуу милдети тапшырылды.