Сузак районунда мечиттерди текшерүү иштери уланууда

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун баш имам хатиби  Жунус ажы Исмаилов түзүлгөн комиссия менен биргеликте райондун аймагындагы жума мечиттердин абалын текшерүү иштерин жүргүздү.

Текшерүү “Азирети Умар” мечитин уланып, анда мечиттердин тазылыгына дыкат көңүл бурулуп, көрнөк-жарнактардын мамлекеттик тилде жазылуусуна, өрт өчүрүүчү тактайчаларга жана азандын календарь боюнча өз убагында айтылуусуна басым жасалды.

“Санариптешүү, жаңылануу доорунда жашап жаткандан соң, биз дагы заман талап кылган техникаларды үйрөнөлү, мечитке видео байкоочу камераларды орнотолу, жолоочуларга жана жалпы эле жамаат үчүн кышкысын жылуу,  жайкысын салкын  болгон ыңгайлуу  шарттарды түзөлү”,- деди баш имам хатиб.