Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов Ош шаарындагы диний китеп дүкөндөргө зыярат кылды

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, дин аалымы Чубак ажы Жалилов Ош шаарына жасаган илимий иш сапарынын алкагында Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбев менен биргеликте калаадагы диний китеп дүкөндөргө зыярат кылды.

Зыярат учурунда дүкөндөгү китептердин мазмуну менен жакындан таанышып, китеп алуу үчүн келген окурмандардын көптүгүн көрүп, ичи жылыганын жашырган жок.

“Китеп-бул байлык, китепти көп окуу адамдын сөз чеберчилигин жакшыртат. Эгер адам сөзгө чечен болсо, башкалар менен жакшы мамиле түзүп кете алат,”- деди Чубак ажы Жалилов.

Эскерте кетсек, дин аалымы Чубак ажы Жалилов Ош шаарына жасаган илимий сапарында айымдар жана эркектер үчүн үй-бүлөнүн баалуулуктары, шарият маселелери боюнча даяндамасын жасап, коомчулуктун кызыктырган суроолоруна жооп берген эле.