Нарын кыздар медресесинде алгачкы жолу медреселер арасында китеп чогултуу акциясы уюштурулду

Нарын кыздар медресесинде Кыргызстанда жүзөгө ашып жаткан “Бир адамдан бир китеп” долбоорунун алкагында китеп чогултуу акциясы уюштурулду. Анын алкагында жаңы китепкана ачылды.

Китепкананын ачылышына Нарын облусунун казысы Мамбетасан ажы Ибраев, Нарын медресенинин мүдүрү Бакыт Жакыпов жана “Бир адамдан бир китеп” долбоорунун негиздөөчүлөрү катышышты.

Нарын облусунун казысы Мамбетасан ажы Ибраев уюштуруучуларга ыраазылык билдирип, Кыргызстан китепкөй адамдардын өлкөсү болоорун баса белгиледи. Ошондой эле китеп чогултуу акциясын уюштургандарга ыраазычылык каттарын тапшырды.

“Бир адамдан бир китеп” долбоорунун негиздөөчүлөрүнүн бири Бакай Акылбеков долбоордун алкагында китеп чогултуу акциясы медреселер арасында биринчи өтүп жатканын айтты.  

 “Кыргызстанда медреселер арасында Нарын кыздар медресеси биринчилерден болуп уюштуруп жатасыздар. Бул жакшы жышаан, буюрса кыргыз эли кыргыз мамлекети китепкөй, билимдүү жаштар менен өнүгөт. “Бир адамдан бир китеп” долбоору буюрса мындар ары башка медреселерде дагы өткөрүлөт деген ишеничтемин. Китеп чогултуу акциясын уюштуруучуларына, Нарын кыздар медресесинин жалпы эмгек жамаатына ыраазчылык билдирем”,-деди Бакай Акылбеков.