Кадамжай районунда имамдарга жыйын болуп, анда 11 маселе каралды

Бүгүн, 4-февралда Баткен облусунун Кадамжай шаарындагы борбордук “Ал Бухари” мечиттинде Баткен казыятынын кызматкерлери жана КРнын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Баткен облусун боюнча өкүлү Чагылган Юсупов биргеликте жыйын өткөрүп, анда 12 маселе каралды.

Алар:

  • 2020-жыл «Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо» жылына карата атайын иштерди пландоо
  • Коргоо Кеңешинин “Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты” жөнүндө чечимин ишке ашыруу боюнча иштерди күчөтү
  • Мечит-медреселерди каттоодон өткөрүү;
  • Аялдар арасында түшүндүрүү иштерин жандандыруу;
  • Имамдардын билимин жогорулатуу,
  • Ысырапкерчилик боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
  • Ханафи мазхабы жана Матуриди акыйдасын бекемдөө;
  • Кайрымдуулук иштерин күчөтүү;
  • Улут аралык мамилелерди чыңдоо;
  • Жаштардын руханий жактан өсүү үчүн аларга баяндама жана лекцияларды өткөрүү
  • Мечиттерде өрт коопсуздугун алдын алуу ж.б.

Кадамжай району боюнча 100 имам катышкан жыйындын соңунда казыят адистери имамдарды жетишпеген кемчиликтерди жоюга өзгөчө көңүл буруу менен басым жасоого чакырды.   Муну менен катар имамдар өздөрүнүн сунуш-пикирлерин дагы айтышып, суроолоруна жооп алууга да мүнкүнчүлүк түзүлдү.