Ысык-Көл районунун баш имам хатиби Максат Сейталиев жардамга муктаж 10 үй-бүлөгө жардам көрсөттү

Бүгүн, 4-январда Ысык-Көл районунун Григорьевка айылында жардамга муктаж 10 үй-бүлөгө тамак аш түрүндө жардам көрсөтүштү.

“Садака берүүнүн пайдасы пазилети туурасында жакшылык жеткирүүнүн жолдору туурасында өткөрүлгөн түшүндүрүү иштеринин жыйынтыгы аз болсо да колубуздан келишинче тамак аш түрүндө жардам көрсөтүп жатабыз. Мындан арыда кароосуз калган карыларыбыздын үй-жайларын жылуулап, болгон аракетибизди кыла беребиз”,-дейт баш имам хатиб Максат Сейталиев.

Эскерте кетсек, бул иш-чаранын демөөрчүсү айыл тургуну Алмаз Эркинбаев болуп, эт түрүндө кайрымдуулук жардамын көрсөттү.