Балдарды коргоо жылына карата түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Бүгүн, 4-февралда Бишкек шаарындагы Калыс Ордо жаңы конушундагы «Латифа» мечитинин имам хатиби Нурбек ажы Исманалиев Аймактарды өнүктүрүү өлкөнү санариптештирүү жана балдарды коргоо жылына карата ордо калаадагы №86 мектептин окуучулары менен жолугушуп, Ислам дининин баалуулуктары туурасында баяндамасын жасады.  

Динибиз балдарга карата ар дайым мээримдүүлүк жана жумшактык менен аяр мамиле жасаарына жана Ислам дини мээримдүүлүктүн дини экендигине басым жасап келет.

«Казынын тапшырмасы менен мектепте балдар менен жолугушуп, колдон келген кеп-кеңештерибизди айттык. Балдарыбыз албетте диний маалыматка аба менен суудай эле муктаж экендигин байкадык. Мындан ары да бул сыяктуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү уланта бермекчибиз»,- деди Нурбек ажы.