“Ак-Босого” конушунда жашаган 40 үй-бүлөгө 2 мүшөктөн көмүр таратылды

Бишкек шаарындагы «Ак-Босого» жаңы конушундагы «Аммар бин Ясир» мечитинин имам хатиби Мухаммадин ажы Разыковдун демилгеси менен ай сайын аз камсыз үй-бүлөлөргө материалдык жардам көрсөтүлүп келет.

Февраль айында жергиликтүү ишкерлердин колдоосу менен 40 үй-бүлөгө 2 мүшөктөн көмүр таркатылды. Имам хатибдин айтымында, муктаж үй-бүлөлөрдү ар бирине барып, тактап чыгып, тизмеге алышкан.

Мындай иш-чара үзгүлтүксүз улантыла бермекчи жана келечекте айына 2-3 ирет өткөрүү пландалып жатат.

«Биздин мечитке жакын жашаган кишилердин дээрлик 80-90% пайызы менен таанышып, көрүшүп, жакшылык жамандыкта биргебиз. Ошондуктан муктаж болгон үй -бүлөлөрдү жакындан билебиз. Ошолордун маселесин жамаатка айтып, ортомчулук милдетин аткарып, жардам көрсөтүп дубаларын алып келе жатабыз»-деди Мухаммадин ажы.