Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Маджитов имамдарга жыйын өткөрдү

Кечээ, 3-февралда Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Маджитовдун катышуусунда «Абдулла Салих» мечитинде  шаардагы жалпы имадарга жыйын болуп өттү.

Жыйында 2019-жылда кызмат кылган бардык имамдарга терең ыраазычылык билдирип, 2020-жылы ичинде аткарыла турган иштер боюнча маалымат берип, ар бир имам бир жылдын ичинде жасаган эмгеги, иш планы болушу керектиги боюнча талап коюлду.

«Биз диний кызматкерлер пайгамбарыбыз (САВ) дын ишин түздөн-түз улантып, михраб жана минбарда элге кайрылуучуларбыз. Ошондуктан кылымдар бою аруулугун жоготпой келген Ислам динин келечек муундарыбызга эң жогорку деңгээлде жеткиришибиз абзел», -деди Садридин ажы.