«Аялдын ден соолугу — улуттун ден соолугу»

Бүгүн, 4-февралда Бишкек шаарында КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын демилгеси менен «Аялдын ден соолугу — улуттун ден соолугу» деген темада тегерек стол болуп өттү.

Жыйынга КРнын дин иштери боюнча мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү жана Бишкек шаарындагы мечит имамдары катышышты.

Иш-чарада аял кишилерге карата болгон мамиле, алардын ден соолугуна кам көрүү жана үй-бүлөнүн бекемдиги тууралуу пикирлер айтылды.  

Тегерек столдун катышуучусу «Чоюбек уулу Керималы» мечитинин имам хатиби Майрамбек Маматовдун айтымында, мындай жыйын

«Үй-бүлөдө аялзатынын орду эбегейсиз чоң. Бүгүнкү жыйын чындыгында өтө пайдалуу жана таасирдүү болду. Биз көрүп туруп билбеген же маани бербеген жашоодо өтө көп маалымат алдык. Ошондуктан мындай жыйындар дайыма болуп турушу керек»-деди Майрамбек Маматов.