Ат-Башыда экстремизм жана терроризмди алдын алуу максатында чогулуш өттү

Нарын облусуну Ат-Башы районунда экстремизм жана терроризмди алдын алуу максатында аскер комиссариатынын кызматкерлерине  түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Чогулушка Улуттук коопсуздук комитетинин Нарын облусундагы башкармалыгын кызматкерлери, Ат-Башы райондук аскер комиссариатынын жалпы кызматкерлери жана  Ат-Башы райондук имамдар хатибинин орун басары Мирбек Кулматов катышты.

Чогулушта диний экстремизм жана терроризм боюнча жалпы маалымат берилип, аскер комиссариатынын кызматкерлерине диний экстреминзм жана терроризмди алдын алууда биргеликте иш алып баруу, бөгөт кою боюнча ойлорун ортого таштады.

Ат-Башы райондук имамдар хатибинин орун басары Мирбек Кулматов диний экстремизм жана терроризм менен күрөшүүдө бир гана күч структуралары, Муфтият, казыят эмес ар бир жаран салым кошуусу керек экендигин айтты.

Сиздер өзүңүздөр иштеп жаткан айылдарда аскер комиссариаттарында иштеп жатасыздар. Экстремизм жана терроризм менен күрөшүүдө милиция кызматкерлери, улуттук коопсуздук комитетинин, мечиттердин имамдары эле эмес баарыбыз биргеликте чоогуу иш алып баруубуз керек. Эгерде экстремизм жана терроризмди жайылтуу максатында жаман ойдо  келе турган жарандар болсо “бир жакадан баш, бир жеңден кол” чыгарып биргеликте иштейли”,-деди  Мирбек Кулматов