Ноокенде Орусияда иштеген мекендештер мечиттин алдыңкы тарабын куруп беришти

Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун Сакалды айыл аймагында жайгашкан  Чоң-Багыш айылындагы «Иброхим Халилуллох» атындагы жума  мечитинин имамы Курманбек Жолдошевдин демилгеси менен, аталган мечиттин алдыңкы тарабы курулду.

 Узундугу 40 метр, туурасы 6 метр өлчөмүндөгү түзөн навестке жалпы 280 миңден ашуун акча  каражаты сарпталды. Анын көпчүлүк бөлүгүн  Орусияда иштеген мекендештер жана жергиликтүү тургундар тарабынан курулду.  

«Курулуштун зарылчылыгы жума намазына келген жамааттын мечитке батпай жайында ысыкта, кышында карда калып кыйналуусу себеп болду»- дейт мечит имамы Курманбек Жолдошев.