Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев калаадагы Имам Хатиб лицейинин жаңы дайындалган мүдүрү Тахир Мехди уулун кабыл алды

Кечээ, 5-февралда Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев калаадагы Имам Хатиб лицейинин жаңы дайындалган мүдүрү Тахир Мехди уулун кабыл алды. Жолугушууда казы жаңы кызматы менен куттуктап, өзүнө жүктөлгөн аманат ишке жоопкерчиликтүүлүк менен мамиле жасоого чакырды.  

Тахир Мехди лицейден тышкары ОшМУнун Теология факультетинин жатаканасына да мүдүр кызматын дагы кошо аркаламакчы. Ал өз сөзүндө эки кызматты адилеттүү башкарууга убадасын берди.  

 “Абийириңди жашындан сакта деген сөз бекеринен атылган эмес. Мына имам лицейи мектеп сабактарын окутуу менен бирге диний предметтерди кошуп окутуусу ар дайым бизди кубандырып келет. Буйурса жакынкы арада лицейге барып окуучулар менен маек курууну ниеттенип турам”,- деди Убайдулла ажы Сарыбаев.