Түптө имамдардын билимин жогорулатуу максатында 6 күндүк окуу семнары уюштурулду

Ысык-Көл облусунун Түп районунда имамдардын билим-деңгээлин жогорулатуу максатында алты күндүк окуу семинары уюштурулду. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда Түп районунун баш имам хатиби Бакыт ажы Кайкиев билдирди.

Анын айтымында, окуу семинардын алкагында имамдарга Куран жана диний маалыматтар, ысырапкерчилик менен күрөшүү боюнча бир катар маалыматтар берилди.  

Семинар улуу имам Абу Ханифа мазхабынын негизинде уюштурулуп, имамдарга акыйда, Куран тажвид, тафсир, Фыкх боюнча терең түшүнүк берилип, имамдардын билимин жогорулатуусуна себепчи болду. Мындан сырткары диний терс агымдар, жаш өспүрүмдөргө болгон зомбулук, нике жана үй-бүлө, ысырапкерчиликтин зыяндуулугун алдын алуу алкагында лекциялар өтүлдү”,-деди Бакыт ажы Кайкиев.

Учурда аталган окуу семинарынын биринчи агымы аяктап, сертификаттар тапшырылды. Азыркы маалда кийинки агым чогултулуп, жаназа, нике, жума хутбасы туурасында дагы практикалык сабактар окуу семинардын программасына киргизилмекчи.