Баткен районундагы «Бужум 1» мечити кеңейтилүүдө

Баткен районунун Бужум айылындагы «Бужум 1» мечитине жергиликтүү ишкерлердин демөөрчүлүгү менен мечиттин алдыңкы тарабы кеңейтилип, учурда курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда аталган мечиттин имамы Таир ажы Эркабаев билдирди.

Анын айтымында, мечитти кеңейтүү муктаждыгы жума күндөрү элдин саныны көптүгү, абы-ырайынын катаал шартында элге ыңгайсыздык себепчи болгонун кошумчалады.

«Мечитибизди кеңейтүү иши жергиликтүү жамааттын чечими менен ишке ашырылууда. Курулуш иштерине кеткен каражатты айылдын эле ичинде эмгектенген ишкерлер кол кабыш кылып, ага кеткен чыгымды баарын өздөрү көтөрүүдө. Кеңейтип алсак элибизге эле ыңгайлуу болот эле”,-деди Таир ажы Эркабаев.