Кыргызстан Ислам университетинин студенттери Малайзияда өткөрүлгөн Араб тили дебатында 3-орунду алышты

Кыргызстан Ислам университетинин студенттери КИУнун араб тили мугалими Амин Фатхийнин жетекчилиги астында Малайзияда өткөрүлгөн Араб тили дебаты боюнча Азия жарышына катышты.

Дебат ушул жылдын 30-январынан 3-февралына чейинки аралыкта Малайзияда өткөрүлгөн.  

Жарышка Кыргызстан Ислам университетинин студенттери катышып, жыйынтыгында тайпалык эсепте 3-орунду багындырышты жана “Эң мыкты сөз чебери” номинациясына эки студент ээ болушту.