Аксы районунда жаңы мечиттин пайдубалы түптөлдү

Жалал-Абад облусунун  Аксы районуна караштуу Жерге-Тал айыл аймагынын Босбуек айылында абалы эскирип кооптуу болгон “Ормон молдо” мечитин жаңыдан куруу иштери башталды. Мечиттин башынан аягына чейин кеткен чыгымды «Ассанабил» фонду демөөрчүлүк кылууда.

Жаңы мечиттин пайдубалын түптөөгө Жогорку Кеңештин  депутаты А.Эргешов, райондун баш имам хатиби  Мырзабек ажы Абыкалыков, айыл имамы Т.Усубалиев жана жергиликтүү тургундар катышты.

“Алланын үйүнүн курулушуна катышып, капсула салып турганыма чоң кубанычтамын. Буга чейин бул жерде эски мечит болгондуктан бардык шарты бар мечит курууну баштадык. Калкка кооптуу болгон мечиттин жаңыланышы бул элибиздин саламатчылыгы үчүн чоң иш»-деди Эргешов.