Калинин айылындагы «Ислам» мечитинин жамааты Памирден көчүп келген үй-бүлөгө жардам беришти

Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун Калинин айылында жайгашкан «Ислам» мечитинин жамааты Памирден көчүп келип, Калинин айылынан орун алган үй-бүлөдөн кабар алып, аларга жардам беришти. Бул тууралу «Ислам» мечитинин имамы Кубанычбек Жаныбаев билдирди.

Анын айтымында, аталган үй-бүлө Ат-Башы районунан көчүп келип, Калинин айылда отурукташкан.

«Мындан 3 ай мурун Памирлик кыргыздардан бир үй-бүлө биздин айылга келген. Алар алгач Памирден Ат-Башыга, кийин Ат-Башы районунан биздин айылга көчүп келишкен. Көчүп келээри менен эле жергиликтүү жашоочулардан бирөө аларга үй белек кылып, ошондон тарта Калинин айылында отурукташып калышты. Жамаат менен кеңешип, күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүк (ун, май, чай, макарон ж.б) жана 2400 сом акчалай жардам көрсөттүк», — деди Кубанычбек Жаныбаев.