«Пригородный» орто мектебинде окуучуларды адептүүлүккө чакырган баяндама жасалды

Чүй облусундагы Аламүдүн районуна караштуу Пригородный айылынын имамы Жоомартбек Нурмамат уулу Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды коргоо жылына карата, Аламүдүн районундагы Пригородный айылынын «Пригородный» орто мектебинин 7-8-классынын окуучулары менен жолугушуп, аларга өз баяндамасын жасады.

Аталган иш-чарада айыл имамы окуучуларга адеп-ахлак жана ден соолукка зыяндуу болгон тамак-аш азыктарынан, өзгөчө чылым, насвай, алкоголдук ичимдиктерден оолак болуу жана алардын коомчулукка тийгизип жаткан зыяндары туурасында баса белгилеп, салттуу динибиз мындай туура эмес көрүнүштөргө жол бербөөсүн айтты.

«Аллахтын жардамы менен колубуздан келишинче түшүндүргөнгө арекет кылдык. Баяндаманын акырында суроо-жооп да болуп. Мектептин жетекчилиги менен ар бир айда 3 жолудан лекция өтүп туруу боюнча макулдашып, келишим түздүк. Мындан ары жакшы көңүл коюп, бекем иш алып барганга даярбыз», — деди айыл имамы Жоомартбек Нурмамат уулу.

Эске сала кетсек, ушул сыяктуу иш-чаралар Аламүдүн районунун хатибияты жана Аламүдүн районунун акимиятынын биргелешип түзгөн иш мерчеминин алкагында өтүп келе жатат.