Чаткалдын Кызыл-Токой айылындагы мечитке жаңы килем төшөлдү

Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Кызыл-Токой айылындагы “Артыкбай ажы Осмон уулу” мечитине жаңы килем төшөлдү.

Буга чейин мечитте килемдин, паластын эскилиги жеткендиктен аны алып салуу муктаждыгы жаралган эле. Бул маселеге кайдыгер карабаган аталган айылдын тургуну, учурда Бишкек шаарында жашап, иштеп жаткан Айбек Маатов 100 метр килем сатып алып берди.   

“Айбек Маатов туулуп өскөн айылындагы мечитке өз каражаты менен жаңы килем төшөп бизди кубандырды. Бул кайрымдуулук иштерине Жаратканым чексиз соопторду берген болсун”,-деди мечиттин  имамы Раталы Бүркүтбаев.