Кармин кошулмасы тамак-аш, даары-дармек жана ар кандай азык заттарда колдонулат

Кармин, С22Н200|3 — кызыл боёк; татаал орг. кармин к-тасы. Мол. масс. 492,38; ийнеге окшош кызыл түстөгү зат. 130°С чейин ысытса карарат, 250°С ажырап кетет. Сууда жакшы эрийт. К. к-тасы кошениль куртунун ургаачысынан ысык суунун жана уксус к-тасынын жарда-мы менен бөлүнүп алынат. Кошениль заты байыртан бери эле жүндү жана жибекти боёодо колдонулуп келген. Кошениль курамында 10% К. к-тасы бар. К. к-тасынын алюминий тузу К. деп аталат. Ал косметикада, акварельдик боёкторду алууда, ошондой  эле кондитердик буюмдар жана микроскопиялык изилдөөлөрдө препараттарды боёодо колдонулат. Кошениль заты Европанын Жер Ортолук деңизиндеги эмен жыгачында жашаган курт-кумурскалардан да алынат. Эмен жыгачынан алынган боёк Кермес к-тасы деп аталат. Ал. К. к-тасынан RСОСН3 группасы менен айырмаланат.

Ошондой эле бул түстү продукцияда  “кошениль”, “кармин”, “кармин кислотасы”  “кызыл түс” “табигий боёк”, C.I. 75470 же Е 120 деп жазышат.

Бир килограмм кармин алыш үчүн кеминде 155000 миң кошениль өлтүрүлөт.

Кармин кошулмасы күнүмдүк жашообузда тамак-аш, даары-дармек жана ар кандай азык заттарда колдонулат.

  • Тоңдурулган эттерде жана балыктарда.
  • Жашылча-жемиш  жана күч кубат берген суусундуктарда.
  • Йогурт, бал муздак жана сүт азыктарында.
  • Момпосуйларда, сироп, начинкада жана сагыздарда.
  • Кыям жана алча сыяктуу консерваланган жемиштерде.
  • Консерваланган шорподо.
  • Соустарда жана приправаларда.
  • Помада, пудра, чач жана денеге колдончу косметикаларда. 
  • Дары, мазь, суюк дарыларда жана витаминдерге түс берүүдө фармацевтикалык препарараттарда колдонулат.

Өндүрүшчүлөр продукцияда так даана курт-кумурска деп жазбастан, ыңгайлуу болгон “табигий түс” деген сыяктуу сөздөрдү колдонушат.

Тамак-аш, косметика жана дары-дармекте колдончу кызыл түс канчалык бизге зарыл?! Биз жүздөгөн эмес балким миңдеген курт-кумурсканын ысык сууга кайнатып, кактап, кууруп жана аммиакка салынганына көз жумум жүрө беребизби!?

Бул кошулманын шарияттагы өкүмү кандай ?

Көпчүлүк аалымдардын чечими боюнча Алла Тааланын Аьраф сүрөсүнүн 157-аятында айтылган, .. “Ал-аларды жакшылыкка буюруп, жамандыктан тыят. Жакшы нерселерди адал, жаман нерселерди арам кылат ”.. деген аятына кирип калат. Ошондоктун ар бир мусулман тамак-аш, дары-дармек жана башка кармин сыяктуу кошулмаларга көңүл буруусу зарыл.

Даярдаган: КМДБнын фатва бөлүмүнүн адиси Бактияр ажы Токтогазы уулу

Булак: https://ky.wikipedia.org/wiki/%D0%9A%D0%B0%D1%80%D0%BC%D0%B8%D0%BD