Ноокат районунда жардамга муктаж 70 жаранга 80 миң сомдук жардам көрсөтүлдү

Кечээ, 5-февраль күнү Ош облусунун мусулмандар казыяты «Үмүт жарыгы» коомдук кайрымдуулук фонду менен биргеликте Ноокат районунда  жардамга муктаж 70 жаранга 80 миң сомдук күнүмдүк такмак-аш азыктары сатылып алынып берилди.

Иш-чара аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында өткөрүлдү.

Кайрымдуулук иш-чарасына Ош облусунун мусулмандар казыятынын курулуш жана мечит адиси Абдималик Турсунбек, Ош облустук мусулдар казысынын жардамчысы Мухамед Анарбаев, Ноокат районунун социалдүк коргоо бөлүмүнүн жетекчиси Равшанбек Мурзаев, «Үмүт жарыгы» коомдук кайрымдуулук фондунун жетекчиси Алимухаммед Абдыманап уулу жана фонддун мүчөлөрү катышты.

Ош облусунун мусулмандар казыятынын курулуш жана мечит адиси Абдималик Турсунбек Ислам дининдеги жетимдерди кароону сообу тууралуу буларга токтолду.

«Эл дайыма бири-бирине муктаж болуп келген. Жараткан буйруп калса, сиздер да кийинчерээк чоңоюп Али агаңардай башкаларга жардам бересиздер. Динибизде да жетимге жана муктаждарга жардам берүүнүн сообу эбегейсиз. Пайгамбарыбыз (с.а.в) бир хадисинде сөмөйү менен ортоңку колун көрсөтүп, «Кимде ким жетимди асырап алса бейиште мени менен дал ушундай жакын болот» деп айткан. Андыктан сиздер да чоңойгондо башкаларга жардам бериңиздер», — деди Абдималик Турсунбеков.

Ал эми Ноокат районунун социалдүк коргоо бөлүмүнүн жетекчиси Равшанбек Мурзаев кайрымдуу жаштардын артып жаканын белгиледи.

«Бул биздин эң алгачкы жана масштабтуу иш-чаралардын бири болду. Жардам көрсөтүлгөн балдардын көпчүлүгү жетим балдар, калгандары болсо аз камсыз болгон үй-бүлөлөр. Чындыгында кайрымдуу жаштар көп, бирок аларды социадык тармактарда көрө албай жатабыз»,- деди Равшанбек Мурзаев.

Ошондой эле «Үмүт жарыгы» коомдук фондунун директорунун айтымында, жардамга муктаж үй-бүлөлөр көп экенин, аларга колдорунан келишинче жарам берип тураарын баса белгиледи.

«Биз 2018-жылдын аяк ченинде түзүлгөнбүз. Акыркы эки айда 200 муктаж болгон жарандарыбызга жардам бердик. Кайрымдуу болуу  үчүн колунда болуу шарт эмес, болгону аракет жана ишеним керек. Бул иш-чараны аткарууда кызмат көрсөткөн бардык инсанга ыраазычылыгымды билдиремин», — деди Алимухаммед Абдыманап уулу.

Эскерте кетсек, аталган кайрымдуулук иш-чарасы «Үмүт жарыгы» коомдук фонду тарабынан каржыланган.