Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиев баш болгон казыят кызматкерлери “Ардак грамота” менен сыйланышты

Кечээ, 5-февралда Талас шаарындагы К.Медетбеков  атындагы областтык драмтеатрында Талас облустук ички иштер бөлүмү тарабынан “Билимдүү жаштар экстремизмге каршы” деген аталышта форум өткөрдү.

Форумга Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Р.Кулушев, Талас обласынын ОИИБнын жетекчиси А.Жумабеков, Талас облусунун казысы  Таалай ажы Бапиев, “Дин укук жана саясат” толдоо борборунун жетекчиси К.Маликов жана дин кызматкерлери, укук коргоо органдары катышты.

Иш-чарада жаштардын экстремисттик жана террористик   агымдарга азгырылбоосу боюнча бир катар пикирлер айтылып, андан сактанууда ар бир мекмелер өз сунуштарын билдиришти.

Ал эми Талас облусунун казысы Таалай ажы Бапиев терс агымдар менен күрөшүүдө дин кызматкерлери коомчулук менен тыгыз иштешип, байма-бай түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын баса белгиледи.

“Талас облусу боюнча 145 мечитте 144 имам терроризди жана экстремизмди алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүп, баяндамаларды байма-бай өтүп келүүдө. Жаштарыбызды туура эмас агымдардан оолак кармап, алардын жаркын келечеги үчүн баарыбыз салым кошуубуз керек”,- деди Таалайбек ажы Бапиев.

Форумдун жыйынтыгында Талас обласынын ОИИБнын жетекчиси А.Жумабеков Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиевге жана орун басарларына, баш имам хатибдерге КРнын ИИМдин “Ардак грамотасы” менен сыйлыктарды тапшырды.